Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Баткенде мобилдик клиника кыз-келиндердин саламаттыгын текшерүүдө


УЗИ аппаратында иштеп жаткан дарыгер. Сүрөт саламаттык сактоо министрлигине таандык.
УЗИ аппаратында иштеп жаткан дарыгер. Сүрөт саламаттык сактоо министрлигине таандык.

3-октябрдан 12-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УЗИ адисин камтыган мобилдик клиника Лейлек районунда кыздар менен аялдардын ден соолугун текшерип, акысыз кеңеш берип жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, мобилдик клиника 13-октябрдан 21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районунун айылдарын кыдырат.

"Үй-бүлөнү пландоо альянсынын" мобилдик клиникасы энелерди жана өспүрүм кыздарды текшерүү максатында өлкөнүн бир катар аймактарында көчмө кароо жүргүзүп келет. Иш-чара Британиянын өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фонду (ЮНПФА) жана Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен "Баткендик аялдарды жана кыздарды колдоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Февралдан бери Баткен облусунун аймагында 2800дөн ашуун аялдар, кыздарды текшерүүдөн өттү.

Эки жума аралыгында клиника Лейлек жана Баткен райондорунун чек арадагы сегиз айылында жашаган кыз-келиндердин саламаттыгын текшерет. Ооруларды кошумча изилдөө талап кылынган учурда дарылоо мекемелерине, ооруканаларга багыттама менен жиберилет.

БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНПФА) маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда энелердин өлүмү көбөйгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG