Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Газадагы кырдаал: Эки тараптан каза болгондор 1600дөн ашты


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы 10-октябрда Израилдин жана Газа секторунун аймагындагы соңку суткадагы абал боюнча маалыматын жарыялады. Анда айтылгандай, эки тараптан тең каза болгондор 1600дөн ашты, Газанын 187 миңдей тургуну жер которду.

Израилдин аймагына ракеталык чабуул уланды, израилдик аскерлер да ХАМАСтын турумдарына тынымсыз чабуул жасап жатты.

Израилдин аймагында каза болгон жергиликтүү тургундар жана чет элдиктер 900дөн ашты, жараат алгандар 2600гө чамалады.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 687 палестиналык каза болду, жараат алгандар 3800гө жетти. Дагы 17 палестиналык Иордан дарыясынын батыш жээгинде өлтүрүлдү, 295и жараат алды.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болгон. 7-октябрда ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.

Израилде соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнүн Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) маалымдады.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG