Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

УКМК Көлбаевдин тобуна тиешеси бар делген дагы эки адам кармалганын маалымдады


“Казбек кара” деген ат менен белгилүү Казбек Билалов жана ишкер Олег Подобедов. УКМК тараткан сүрөт.
“Казбек кара” деген ат менен белгилүү Казбек Билалов жана ишкер Олег Подобедов. УКМК тараткан сүрөт.

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү К.С. Билалов жана ушул эле кылмыштуу топко тиешеси бар П.О.В. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Билалов буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Айрым басылмалар кармалгандардын биринчиси Казбек Билалов экенин, экинчиси ишкер Олег Подобедов экенин маалымдады. Казбек Билалов бир күн мурун эле уюшкан кылмыштуу топтордон баш тартарын, мындан ары мыйзам менен жашай турганын билдирип, видео кайрылуу тараткан.

Мекеме 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери да Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир катар кишилер кармалды.

Буга тушташ "Сакал" деген каймана ат менен таанылган Улан Токтосунов, анын артынан "Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов видео кайрылуу таратып "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын жарыялашты. "Узун Улан" каймана аты менен таанылган Улан Барчакеев эч кандай макамы жок экенин айтып, мыйзамды бузбоого чакырды. Ош шаарынын "кароочусу" аталган Алмаз Эрмекбаев менен Нарын облусундагы кримтөбөл Нурлан Омокеев кылмыштык жолдон баш тартканын, мындан ары мыйзамды сактай турганын билдиришти. (ErN)

XS
SM
MD
LG