Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Саруудагы добуш берүүгө шайлоочулардын 26% гана катышты


Саруу айылы. 2023-жылдын 8-октябры.
Саруу айылы. 2023-жылдын 8-октябры.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өткөн жергиликтүү шайлоодо бул жолу активдүүлүк төмөн болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 8-октябрдагы добуш берүүгө 6 миңдей шайлоочунун 1,5 миңден ашууну гана катышты – бул 25,58% түзөт.

Боршайком мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 11-октябрда “Азаттыкка” билдиргендей, шайлоочулардын катышуу көрсөткүчү жыйынтыкка таасир эте албайт, андыктан шайлоо өттү деп эсептелет:

“Айыл жергеси үчүн бул азыраак негизи. Мурунку көрсөткүчтөр 40-50% тегерегинде болуп жүрчү. Ички миграция деген маселе бар. Ошолорго шарт түзүү максатында биз аралыктан добуш берүү уюштуруп бердик. Бишкекте 110дой шайлоочу катталган, алардын 65и келип катышты. Көбүнчө жаштар, студенттер экен. Дагы бир себеби, балким, административдик-аймактык реформа жүрүп жатканына байланыштуу айрым айылдык кеңештер жоюлуп кетиши ыктымал деген кооптонуу. Анын үстүнө мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу талапкерлер көп болгон жок. Саруу өзү активдүү айыл, бул жолу талапкерлер да аз болуп калгандыктан, катышуу төмөн болушу ыктымал”.

Саруудагы бул шайлоодо Кыргызстанда алгачкы жолу шайлоочуга аралыктан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн система пилоттук негизде иштетилди. Сарууда туруктуу каттоосу бар, бирок шайлоо күнү добуш берүү үчүн айылдын өзүнө бара албай калгандар үчүн Бишкекте, Боршайкомдун имаратында өзүнчө шайлоо участогу ачылды.

Саруунун өзүндө төрт добушкана иштеди. Үч округдан катталган 41 талапкердин арасынан 21 депутат шайланары, анын тогузу аялдардын квотасы экени кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG