Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусия: мигранттар агымы сээлдеп, жумушчу күч азайды


Таксинин айдоочусу жана кардары. Москва. 26-март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Таксинин айдоочусу жана кардары. Москва. 26-март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда негизинен борбор азиялык мигранттар эмгектенген такси, жыйнап-тазалоо, азык-түлүк, тамак-аш жеткирүү жана башка тейлөө кызматтары жумушчу күч кескин жетишпей жатканын билдиришти.

Эксперттердин айтымында, буга Орусиядан миңдеген мигранттардын чыгып кетиши түрткү болууда. Расмий маалыматка караганда, быйылкы жылдын алгачкы алты айында Орусияга акча табууга барган мигранттардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе азайган.

"Таксисттер жана курьерлер ассоциациясы мигранттардын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жумушчу күчү тартыш болуп жатканын билдирди".

"Москванын ресторандарында иштегенге киши жок. Ашпозчуларды таба албайсың".

"Рестораторлор жана ательерлер федерациясынын башчысы Сергей Мироновдун айтымында, Москвада 20-30% кызматкерлер жетишпейт".

Соңку бир айдан бери орусиялык медиа агенттиктерге ушундай мүнөздөгү жаңылыктар байма-бай жарыяланып жатат.

Москвада такси айдаган Бакыттын "Азаттыкка" айтымында, учурда жумушчулар бардык тармактарда таңкыс болуп жатат.

“Согуш башталгандан кийин дейбизби, акыркы бир-эки жылдан бери, тагыраагы пандемиядан кийин мурдагыдай Орусияга келип жумуш таппай жүргөн адам жок. Жумушчу издегендер көп”,- деди ал. Бакыттын сөзүн дагы бир кыргызстандык Өмүрбек ырастады.

“Москвада такси кызматында иштегендердин 70-80% кыргызстандыктар түзөт. Жумушчу күчү тартыш деген кептин дагы чындыгы болушу мүмкүн. Маселен, "Яндекс" такси кызматы иштейм дегендин баарын алып жатат”.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында, пандемия башталган 2020-жылды эске албаганда 2023-жылга чейин ал жакка акча табуу үчүн барган мигранттардын саны жылдан-жылга көбөйүп турган. Маселен, 2022-жылы Орусияга 11,8 миллион чет элдик кирген. Ал эми 2023-жылдын алгачкы алты айында 3,5 миллион киши барган. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу эки эсе аз дегенди билдирет.

Жакында эле "Верстка" басылмасы "Эмнеге эмгек мигранттары Орусияда иштөөнү каалабайт?" деген макала жарыялады.

Макаланын автору Рита Логинова эксперттер менен баарлашкандан кийинки мигранттардын Орусиядан чыгып кетишинин негизги себептерине токтолду.

"Эң негизгиси, албетте, экономикалык себеп. Орус рублинин долларга карата наркынын түшүшүнөн улам мигранттарга бул жакка келиши анча деле майнапсыз болуп калды", - деген Логинова Би-би-синин орус кызматына курган маегинде тил билген мигранттар көбүнчө Европа мамлекеттерине, Түштүк Кореяга, Түркияга жана башка жактарга кетип жатканын кошумчалаган.

Экинчи себеп катары ал орус коомундагы ксенофобиянын күчөшүн белгилейт.

Орусиянын ар кайсы аймактарында борбор азиялык мигранттарга каршы кайрылуулар көбөйө баштаганын "Азаттык" буга чейин жазган. Укук коргоочу Александр Ким "көп жылдан бери жүрүп аткан мигранттарга каршы пропаганданын натыйжасында коомдо ксенофобия нормалдуу деген пикир калыптанып бараткандай" деген ою менен "Биз жана дүйнө" берүүсүндө бөлүштү.

Курулуштагы мигранттар, Москва. Орусия. 19-октябрь, 2011-жыл.
Курулуштагы мигранттар, Москва. Орусия. 19-октябрь, 2011-жыл.

"Ресторандарда иштегенге киши жок"

Тейлөө кызматтарында, айрыкча тамактануучу жайларда жумушчулар тартыш болуп жатканы тууралуу маалыматты Москвадагы "Кытай жаңылыктары" ресторандар түйүнүнүн негиздөөчүсү Станислав Лисиченко дагы ырастады. Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазды.

"Москванын ресторандарында иштегенге киши жок. Ашпозчуларды таба албайсың. Кимдир бирөө атайын "аскердик операциядан" (Орусия Украинада өзү баштаган согушту ушинтип атайт) коркуп чыгып кетти, кээ бирөө мобилизацияланды, айрымдары өз ыктыяры менен согушка кетти. Анан доллардын кымбатташы, албетте. Соңку бир жылда доллардын баасынын көтөрүлгөнүнө байланыштуу, тапканын үйлөрүнө жөнөткөн чет элдиктердин кирешеси дээрлик 40% кыскара түштү. Мунун баары эмгек базарына кедергисин тийгизди. Мындан ары эмне болот? Ким билет. Коноктор эми буюртма кылган тамактарын дароо алып келгиле дегенди унутуп, күткөндү үйрөнүшөт. Ал эми ысык тамак бери дегенде 45 мүнөттө гана берилет",- дейт Лисиченко.

Тамактануучу жайларда иштегендердин саны 2023-жылдын июнь айынан бери тартыш болуп жатканын "Воккер" тез татым түйүнүнүн маалымат кызматы РБК басылмасына бышыктаган. Алар бул маселени айлык акыны көтөрүү менен гана чечип жатканын билдиришкен.

"Мигранттар жакшы акча үчүн баарына көз жуумп келишкен"

Укук коргоочулар белгилегендей, Орусияда өзгөчө шайлоо же кандайдыр бир окуялар учурунда мигранттарга каршы кампаниялардын күчөшү кадыресе көрүнүшкө айланган. Рубль күчтүү болуп турган маалда борбор азиялык мигранттар мунун баарына көз жуумп, чыдап келсе, азыркы "жапырт басмырлоолор, тынымсыз тинтүүлөр жана рейддер, мыйзамсыз депортациялоолор, маалымат каражаттарындагы мигрантофобия аларды чыгып кетүүгө аргасыз кылууда" дешет миграция жаатындагы адистер.

Ал арада Телеграмдагы ар кандай улутчул каналдарда мигранттарды согушка тартуунун жолдорун сунуштап жатышат. Талкуунун катышуучулары бир пикирге келе албай убара. Айрымдары "мигранттардын колуна курал бербеш керек, андан көрө полигон курууга, талааларды миналардан тазалоого колдонуш керек" дешсе, башкалары "аларды кайрадан эшелондор менен кыштактарына жөнөтүү керек" деген пикирде.

Мигранттар маселеси соңку айларда Мамлекеттик Думада дагы утур-утур көтөрүлүүдө. "Справедливая Россия" партиясы эмгек мигранттары көп келген өлкөлөр менен виза режимин киргизүүнү сунуштаса, КПРФ партиясы орус жарандыгын алган мигранттарды аскердик каттоого убагында турбаса же мобилизациядан баш тартса паспортунан ажыратууну демилгеледи.

"Чыгып кетүү тууралуу ойлоно элекпиз"

9-октябрда бир доллар 102 рублди түздү. Бул марттан берки эң төмөн көрсөткүч.

Кыргызстандык Бакыттын азырынча Орусиядан кетейин деген ою жок. Ал жазга чейин рублдин наркы көтөрүлүп калар деген үмүттө.

"Тапкан акчабыз азыр баштагыдай болбой калды. Баарыбыз эле күтүп атабыз, кандай болот деп, рубль балким көтөрүлүп калабы деп үмүттөнүп отурабыз",-дейт ал.

Өмүрбек болсо соңку экономикалык кырдаалдын кедергиси бардык мигранттарга тийип жатканын айтып, насыясы барлар, акча тапкысы келгендер аз айлыкка иштөөгө аргасыз экенин айтып берди.

"Кыргызстанга барганда жумуш табылабы же жокпу деген суроо бар", - дейт Өмүрбек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG