Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Орусиядагы мигранттарга каршы маанай. Кремль элдин көңүлүн согуштан алаксытып жатабы?


Москва облусунун Котельники шаарында кармалган мигранттар.
Москва облусунун Котельники шаарында кармалган мигранттар.

Орусиянын Челябинск облусунда мигранттар эмгектенген жашылча базарына каршы митинг өттү. Котельники шаарындагы мигранттардын намазканасына байланыштуу Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Ал эми Москванын жанындагы Красногорск шаарынын тургундары мигранттардын жапырт мушташынан кийин келгиндерге каршы чара көрүүнү өтүнүп бийликке кайрылды. Орусиядагы мигранттарга каршы маанайдын күчөшү эмнеге байланыштуу?

"Түшүнүксүз тилде сүйлөшөт, анклав жаратып жатышат"

Челябинскидеги Кременкул айылынын ондогон тургуну 19-сентябрда жергиликтүү мигранттар эмгектенген базарга каршы митингге чогулушту.

"Мигранттар борбордук сейилдөөчү жайларды, оюн аянтчаларын басып алышты. Өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Туш келди жерди ажаатканага айлантышты. Түшүнүксүз тилде сүйлөшөт. Батирлерди сатып алып, анклав жаратып жатышат. Бизге мунун эмне кереги бар?! Балдарыбызды көчөгө чыгаргандан коркобуз", - деди митингге чыккандардын бири.

Акциянын катышуучуларынын эсебинде бул соода жайы мыйзамсыз негизделген жана ал жер негизи башка максаттарга багытталган.

"Мигранты-все как есть" Телеграм каналы белгилегендей, акция маалында жергиликтүү бийлик коопсуздук чараларын күчөтүп, жолдорду өрт өчүрүүчү жана жүк ташуучу машинелер менен тосуп салган.

"Мен өзүм жеке "чебуркашкаларды" көргөнүмдү айта алам. Итим менен жүрсөм, славян эмес түспөлдөгү эки эркек келип, телефондон бирөөгө алардын кайда экенин айтып коюмду суранды. Телефондогу киши "бул мигранттардын дарегин айтып коесузбу, мен Москвадан такси жөнөтөт элем" дейт. Демек, бул кишилер Челябинскиде экенин да билишпейт экен да", - дейт митингдин дагы бир катышуучусу.

Орусияда мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген Александр Кимдин айтымында, бийлик атайлап калкты согуштан алаксытуу үчүн мигранттарга каршы маанайды күчөтүүдө.

"Биринчиден, белгилей кетчү нерсе, Орусияда коом абдан улутчул. Путиндин бийлигинин маалында өкмөт улутчул маанайдын көтөрүлүшүн күчөтүп, Орусияда улутчул маанайды курчутуу үчүн атайын пропаганданы да активдүү колдонуп келет. Улутчул маанай бир гана азыркы бийликти колдогондорго таандык деген ката көз караш бар. Андай эмес, улутчулдук Орусияда кеңири жайылган. Акыркы окуяларды, анын ичинде адамдарды качан жарандык алганына байланыштуу бөлүп-жарып аткан мыйзам чыгаруучулардын сунуштарын көрүп, Орусияда азыр апартеид режими түзүлүп жаткандай деген жыйынтыкка келдим", - дейт Ким "Азаттыкка" бөлүшкөн комментарийинде.

Намазканага байланыштуу козголгон кылмыш иши

Ал арада Москва облусундагы Котельники шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде намазканага байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 16-сентябрда Орусиянын Тергөө комитетинин маалымат кызматы билдирди. Кимдир бирөөнүн кармалганы тууралуу азырынча маалымат чыга элек. Мекеме тараткан билдирүүдө намазканадан улам "жергиликтүү тургундар коңшу машине токтоочу жайга кире албай, үйдүн жашоочулары кысылып, аялдар батирлеринен чыга албай калганы" белгиленет. Бул иш Тергөө комитетинин Борбордук аппаратынын көзөмөлүндө экенин кошумчаланат.

Эске сала кетсек, Котельникидеги тинтүүгө май айындагы жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путиндин атына жасаган кайрылуусу түрткү болгон.

"Бул жерде диний жөрөлгөлөрдү өткөрүү менен биздин, тургундардын укугу тебеленип жатат деп эсептейбиз. Бизге бул жерде жашоо коркунучтуу болуп жатат",- дешкен алар.

Жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусунан кийинки эле түнү Котельникиде 100дөй тажик мигранты кармалып, намаз окуучу жай бир нече күнгө жабылган.

Июль айында Котельники шаардык аймагындагы мусулмандар жамааты Путинге видео аркылуу кайрылып, жума намазды үзгүлтүккө учуратып жаткан тинтүүлөрдөн коргоону суранышты.

Социалдык тармактарга тараган видеодо полициянын атайын күчтөрү жума намаз окулуп жаткан жайга кирип барышып, килемди тебелеп, ичиндегилерди сөгүп-сакканы айтылат.

"ОМОНчулар жума намазды үзгүлтүккө учуратып, бөлмөгө газ чачып, адамдарды электршокер менен кыйнашты", - дейт кайрылгандардын бири.

Мамдума депутатынын сунушу

Жакында эле Москванын жанындагы Красногорск шаарында полиция мигранттарга каршы күтүүсүз рейд уюштурду. Телеграм каналдардын биринин маалыматына караганда, анда 70тен көп адам кармалды. Тартип коргоочулар Ильинские луга комплексине бастырып киришти. Өткөн аптада ал жакта Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жапырт мушташ катталган. Тополоңдун катышуучаларынын айрымдарын полиция алып кеткен. Бул окуядан кийин комплекстин тургундары Тергөө комитетинин башчысына кайрылып, чара көрүүнү өтүнүшкөн.

"Биз Ильинские луга комплексинин тургундары Бастыркин Александр Ивановичке көкөйүбүзгө көк таштай тийген маселе боюнча кайрылып жатабыз. Ынтымактуу жашоочулар чогулуп, мыйзамсыз миграция маселесин эмне кыларыбызды билбей отурабыз", - дешти алар.

Буга чейин да борбор азиялык мигранттарга каршы билдирүүлөрү менен белгилүү Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Матвеев мигранттарга үй-бүлөлөрүн көчүрүп келүүгө тыюу салууну сунуштады.

Укук коргоочу Александр Кимдин айтымында, азыр коомдогу улутчулдукту мыйзамдаштаруу маселеси гана калгандай. Ал айрым саясатчылар ксенофобдук жана шовинисттик маанайды таратуу аркылуу саясий капитал топтоп жатканын кошумчалады.

"Орусиянын бийлиги мигранттарга жана улуттук азчылыктарга колдонуп жаткан тактикаларды кийин баарына колдонушу мүмкүн", - дейт Ким.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы масштабдуу рейддер күчөп жаткан маалда президент Владимир Путин бул маселеге кайрылды. Ал "өлкөдө мигранттардын геттосун түзүүгө жол берилбеши керек" деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG