Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Казакстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга жардам жөнөттү


Ооганстанга жөнөтүлгөн жардам. Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин сүрөтү. 11-октябрь 2023-жыл
Ооганстанга жөнөтүлгөн жардам. Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин сүрөтү. 11-октябрь 2023-жыл

Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Улуттук гвардиянын учагы дары-дармек, чатырларды жетирип кетти. Азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөктөрдү темир жол менен алып барышат.

Буга чейин Ооганстанга казакстандык 45 куткаруучу жана медицина кызматкери кеткени кабарланган.

10-октябрда Өзбекстан ооган элине 100 тонна жардам – ун, буудай, май, кесме, эт азыктарын, күрүч, шекер, чатыр, жууркан, биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттарды жөнөткөн.

7-октябрда Ооганстанын Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен зилзалада 2 миңден ашуун адам каза тапкан. Бийлик бул - акыркы 20 жылдагы эң кыйратуучу жер титирөө болгонун билдирген.

11-октябрда ошол эле аймакта кайрадан жер титирөө катталып, анын күчү да очогунда 6,3 балдда түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG