Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

MEGAнын байланышы үзгүлтүккө учурап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

MEGA («Альфа Телеком» ишканасы, мурдагы Megacom) компаниясы бүгүн 12-октябрда байланыш үзгүлтүккө учурап жаткан маселеге байланыштуу билдирүү таратып, буга магистралдык каналдагы оптикалык кабелдин үзүлгөндүгү себеп экенин, мүчүлүштүк убактылуу мүнөзгө ээ экендигин кабарлады:

“Компаниянын техникалык адистери көйгөйдү мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде чечүү боюнча иштеп жатышат. Учурда кызмат көрсөтүү калыбына келтирилип жатат жана жакын арада абоненттерибизге сапаттуу байланыш кызматтары көрсөтүлө баштайт”.

11-октябрдагы аукциондо “Альфа Телеком” ишканасы 14 млрд 800 млн сомго сатылган. Компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алган.

Телефон жана интернет байланышы начар болуп, үзгүлтүккө учурап жатканын MEGA абоненттери эртең менен нааразы болуп айта башташкан.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар муну Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары жана КМШ өлкөлөрүнүн саммити боюнча коопсуздук чаралары менен байланыштырып жатышат.

Байланыш начар экенин Кант шаары тараптагы абонеттер да билдирүүдө. Путин сапар алкагында Канттагы авиабазага да барары кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG