Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Египет Газа тилкесиндеги качкындарга коридор ачуудан баш тартты


Газа тилкеси Израилдин соккусунан кийин. 9-октябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси Израилдин соккусунан кийин. 9-октябрь, 2023-жыл

Египет Газа тилкесинен агылган качкындарга коридор ачуудан баш тартты, бирок өз аймагы аркылуу гуманитардык жардам жеткирүүнү талкуулады. Бул тууралуу Египеттин коопсуздук органдарындагы булактарга шилтеме менен Рейтер агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Каир “палестиналыктардын өз жерин коргоо укугун” эске алып, коопсуздук коридорун түзүүдөн баш тартты.

Газа секторунда 2 миллиондон ашуун киши жашайт. БУУнун 12-октябрдагы маалыматында айтылгандай, 339 миңдей тургун там-ташын таштап кетүүгө мажбур болду, көбү мектептерде баш калкалап жатат.

Ага чейин Кошмо Штаттар качкындар үчүн коридор түзүү сунушу Израил жана Египет менен талкууланганын билдирген. Андай демилгени гуманитардык уюмдар жана Еврошаркеттин өкүлдөрү көтөргөн.

Шаршембиде Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Газаны суюк отун, азык-түлүк жана таза суу баштаган эң керектүү жүк менен камсыздоо керектигин айткан.

Ошол эле күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тилкеге жардам алып баруу иши башталганын айтып, бирок ал кандай жүк экенин тактаган жок.

7-октябрда палестиналык ХАМАС радикал тобу Израилге кол салгандан кийин израилдик аскерлер жооп иретинде Газага сокку уруп, тилкени блокадага алган. Натыйжада аймак гуманитардык апаат коркунучуна туш болду.

Соңку маалыматтарга караганда, ХАМАСтын чабуулдарынан каза тапкандардын саны Израилде 1 миң 300гө жетти, Газада Израилдин соккулары 1 миң 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Эки тараптан 9 миңден көп киши жарадар болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG