Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Орусиянын Гроза айылына чабуулунда 59 киши каза тапканы аныкталды


Гроза айылы. Украина, 9-октябрь 2023-жыл
Гроза айылы. Украина, 9-октябрь 2023-жыл

Орус армиясынын Харьков облусундагы Гроза айылындагы ракета соккусунан каза тапкандар 59 кишиге жетти. Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Телеграм-каналына жазгандай, криминалисттер алардын бардыгынын тек-жайын аныктады. Буга чейин 53 киши набыт болгону айтылып келген. Клименко курмандыктардын бардыгы жергиликтүү карапайым тургундар – пенсионерлер, медиктер, дыйкандар, мугалимдер жана ишкерлер экенин, кээ бир үй-бүлөлөр толугу менен жок болгонун билдирди.

Согушка чейин Грозада 350дөй киши жашачу.

5-октябрда айылдын кафесинде согушта курман болгон жоокерди эскерип жатышканда ракетадан сокку урулган. Тергөөчүлөр ал жай атайлап бутага алынган, орус аскерлерине ушу тапта Орусияда жашап жаткан эки жергиликтүү тургун жардам берген деп эсептешет.

“Свобода” радиосу жазганына караганда, бул версияны иш жүзүндө Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя тастыктады. Коопсуздук кеңешинин жыйынында дипломат Грозада белгилүү улутчулду эскерип жатышат, ал жакта “неонацисттер” чогулду деп айткан.

Киев Орусияны жайкын адамдарга каршы теракт кылганы үчүн айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG