Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Ашхабадда белгилүү блогер Мухаммед Маммедов киши колдуу болду


Ашхабад шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Ашхабад шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Ашхабадда 4-октябрда белгилүү блогер жана стендап-аткаруучу, 30 жаштагы Мухаммед Маммедовду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу апта башында көз карандысыз Turkmen.news сайты кабарлады. Маалыматка караганда, ал түн ортосунда досу менен үйүнө кайтып келатканда бир нече киши кол салган. Досуна дээрлик тийбей, блогерди сабашкан.

Анын өлүмү социалдык тармактардын түркмөн сегментинде резонанс жаратты.

Turkmen.news сайты маркум бир нече ай мурун Түркиядан мекенине кайтып барганын жазды.

Окуяга байланыштуу коопсуздук органдары кылмыш ишин козгодубу, жокпу белгисиз. “Азатлык” радиосу маалымдагандай, маркумдун жакындары менен байланышуу жана башкалаанын ички иштер башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ачык булактарда айтылгандай, Маммедов Инстаграм жана Ютуб тармактарына видеолорун жайгаштырып келген.

Түркмөнстанда ири социалдык сайттар бөгөттөлгөн. Аларга ВПН менен гана кирүүгө болот.

Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигин интернет эркиндигин, эркин маалымат каражаттарын чектегендиги үчүн сындашат. Ашхабад айыптоолорду четке кагып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG