Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

“Эмарк Групптун” башчысы, ишкер Чолпонбек Акматов камалды


Чолпонбек Акматов.
Чолпонбек Акматов.

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов 4-ноябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 12-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралганын шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына караганда, Акматовго Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. Акматовдун адвокаттары жана жакындары анын кармалышы тууралуу комментарий бере элек.

Акматов соңку аптада кармалган үчүнчү курулуш компания жетекчиси болду. 11-октябрда Октябрь райондук соту “Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган.

Анын алдында, 9-октябрда “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев 4-ноябрга чейин камалганы белгилүү болду. Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы "Салкын-Төр" шаарчасы да бар. Бул объектини "Авангард Стиль" компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG