Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Израилдеги Ардактуу консулдук кыргыз жарандарын өз алдынча чыгып кетүүгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Израилдеги Ардактуу консулдугу бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына кайрылып, мүмкүнчүлүк болсо өз алдынча чыгып кетүүгө чакырды.

“Израилден аба каттамдары Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Орусия, Бириккен Араб Эмирликтери жана башка өлкөлөр менен жүргүзүлүп жатканын маалымдайбыз. Кырдаалдын курчуп кетүү коркунучун эске алуу менен Израилден үзгүлтүксүз коммерциялык каттамдар менен өз алдынча чыгып кетүүнү сунуштайбыз. Өз кезегинде Кыргызстандын элчилиги менен Тышкы иштер министрлиги уюшкан түрдө чыгып кетүү боюнча маселенин үстүндө иштеп жатат, бирок чоо-жайы азырынча тактала элек. Балким бул Кыргызстандын өнөктөш мамлекеттеринин биринин коммерциялык рейси болушу мүмкүн, бирок азырынча так маалымат жок”, - деп айтылды Ардактуу консулдуктун расмий сайтындагы кайрылууда.

Израилде жашап жаткан кыргыз жарандарынын такталган тизмеси 90 адамга жеткенин, алардын 20сы бул өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү ниетин билдиргенин, аларды алып чыгуу маселеси каралып жатканын Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) 11-октябрда билдирген.

Элчилик бул өлкөдөгү кыргыз жарандары менен такай байланышта иштеп жатканын, телефон чалып, тактоо иштери жүргүзүлүп келатканын кошумчалаган.

Соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнү айтылып келе жатат.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырууда.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болгон. 7-октябрда ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.

Соңку маалымат боюнча, эки тараптан каза болгондор 2,5 миңге чукулдады.(RK)

XS
SM
MD
LG