Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

Францияда бычак менен мектепке кол салган киши кармалды


13-октябрда Франциянын түндүгүндөгү Аррас шаарында мектепке бычак менен менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Жеральд Дарманен билдирди.

Кол салуужа бир мугалим мүрт кетип, бир нече киши жараат алганы кабарланууда.

Француз маалымат каражаттары полициядагы булактарына таянып, шектүү "20 жаштагы чечен тектүү жигит экенин" жазышты.

Окуя түшкү саат 11 чамасында болгон. BFM TV телеканалы кабарлагандай, шектүү кол салаар алдында "Аллах Акбар" деп кыйкырган.

Lе Figaro басылмасы кол салган жигит мурда ушул мектепте окуп кеткенин жазды. Башка бир мектептин жанынан анын агасы да кармалганы маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG