Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

"Медиа Полиси": ЖМК мыйзамында коомчулуктан түшкөн сунуштар эске алынган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунда коомчулуктан түшкөн сунуштар эске алынган жок.

Бул тууралуу "Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" билдирди.

13-октябрда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жыйыны өттү.

Юристтин айтымында, Маданият министрлиги менен Юстиция министрлиги аталган мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап, иштеп чыкканда коомчулуктан түшкөн сунуштар эске алган эмес.

"Кимден сунуш пикирлер анализге түшкөн болсо, алардын сунушун эске алуу же албоо тууралуу чечим чыгышы керек болчу. Бирок ал боюнча иш алып барылган жок. Бир нече медиа каражаттардан, уюмдардан сын-пикирлер түшкөн. Ал дагы каралган жок. Баары башка стадияда каралат, азыр карай албайбыз деп, жумушчу топ өзүнүн ишин толук алып барган жок деп эсептесек болот", - деди Сыдыков.

Мындан сырткары мыйзамды талдоо методикасынын эрежеси сакталбаганын, нааразылыктарды өзгөчө пикир катары кат түрүндө сунуштаганын кошумчалады.

Өзгөчө пикирди акыйкатчынын өкүлү жана Санарип министрлигинин өкүлү да билдирген.

Жыйынды уюштурган Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева чынында эле айрым эрежелер сакталбаганын, бирок айтылган сындар Экономика министрлигинде экспертиза учурунда караларын айтты.

Маданият министрлиги буга чейин мыйзам долбоору үчүн жарандардын сунуш-пикирлерди кабыл аларын билдирген.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго байланыштуу кабатырлыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырган.

Бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып, бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мыйзамды өзгөртүү учур талабы экенин, долбоорду даярдоого жарандык коомдун өкүлдөрү катышканын билдирген.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG