Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Жекшенкулов кыргыз-казак чек арасында "мафиялык түзүмдөр" бар экенин айтты


Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан менен Казакстандын чек ара маселесине “мафиялык түзүмдөр” таасир этерин билдирди.

Ал мындай пикирин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.

“Көбү билбейт, ал жерди (кыргыз-казак чек арасы-ред.) мафиялык түзүмдөр ээлеп алган. Ошол түзүмдөр тейлейт. Мына, президент Токаев бир айтты, маселе чечилди. Кийин кайра эле ошол абал болуп калбадыбы. Кезек күткөндөр дагы эле турат”, - деди Жекшенкулов.

Ал “мафиялык түзүмдөр” тууралуу кенен маалымат берген жок.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүү маал-маалы менен пайда болуп турат. Октябрь айынын башында бардык бекеттерди кошкондо кезек күткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны 500гө чукулдаган. Кыргызстандын чек ара кызматы эки мамлекеттин өткөрмө бекеттери тең штаттык режимде иштеп жатканын, бул жүк ташып өтүүнүн көлөмүнө байланыштуу көрүнүш экенин түшүндүргөн.

Августта Чүйдө жана Таласта чек арадагы бекеттерде дээрлик бир жумадан ашуун убакытка созулган тыгын учурунда кезекте турган машиналардын саны 500гө чейин жеткен. Мындай абал үчүн кыргыз өкмөтү Казакстанды “ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатат” деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG