Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Кыргызстан сегиз айда 545 млн долларга алтын сатты


Кумтөрдөгү алтын комбинаты. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдөгү алтын комбинаты. Архивдик сүрөт.

2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасы чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын экспорттоп, анын баасы 545 миллион 170 миң долларды түздү. Бул 47,7 млрд сом. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.

Жыл башынан берки сегиз ай ичинде Кыргызстан Швейцарияга - 7,15 тонна алтын сатып, андан 448 миллион доллар тапкан. Бул сатылган алтындын басымдуу бөлүгү.

Мындан тышкары Кытайдын Гонконгуна 983 килограмм алтынды 60 млн долларга саткан. Бириккен Араб Эмираттарына сегиз айда 582 килограмм алтынды 36,6 млн долларга соодалаган.

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 килограммы сатылганын билдирген.

Министрликтин маалыматына ылайык “Кумтөр” ишканасынан былтыр 27 млрд 959,4 млн сом салык түшүп, 2021-жылга салыштырмалуу 267,3% көп каражат жыйналган.

Канаданын “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алган.

2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кен. Ал жерден 1997-жылдан бери алтын казылууда.

XS
SM
MD
LG