Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Кыргызстанда адамдын орточо жашы төрт жылга узарды


Иллюстарциялык сүрөт. Ош, Чоң-Алай. 2017-жылдын 7-майы.
Иллюстарциялык сүрөт. Ош, Чоң-Алай. 2017-жылдын 7-майы.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин маалыматында Кыргызстанда акыркы 15 жылда адамдардын орточо жаш курагы төрт жылга узарды.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматында, Кыргызстандагы аялдардын жашоо узактыгы 76, эркектердики 68 жаш деп белгиленген.

Бириккен Улуттар Уюмунун квалификациясы боюнча “улгайган адам” деп 60-65 жаш эсептелет. Кыргызстанда мындай курактагы адамдардын саны 378 миңге жетти, алар жарандардын жалпы санынын 5,4 пайызын түзөт. Калктын 4 пайызын 60 жаштан ашкандар түзсө, ал мамлекет “жаш мамлекет” деп эсептелет. Ал эми 4-7 пайызды түзсө “картайып бараткан” улут, 7 пайыздан көп болсо, ал улут “улгайган” деп эсептелет.

Социалдык фонддун төрагасынын айтымында, жаштардын миграцияга кетип жатканы пенсия төлөөдө чоң кыйынчылык жаратууда.

"Эмгек боюнча эл аралык уюм бар, алардын ченеми боюнча бир пенсионерге үч иштеген адам болгондо жагдай жакшы деп эсептелет. Биздин мамлекетте бир пенсионерге 0,8 адам туура келет, башкача айтканда, бир кары адамыбызга бир жумушчу да толбойт", - деди Алиев.

Алиев мындан улам мыйзамдагы “эрте пенсияга чыгуу” деген ченемди жоюуну сунуштап жатышканын белгиледи. Буга жыл сайын жарандардын 54 пайызы - аялдар 55 жашында, эркектер 60 жашында эс алууга эрте кетүү укугун тандап атканы себеп болууда.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык аял кишилер пенсияга 58, эркектер 63 жашында чыгат. Өлкө боюнча азыркы тапта 765 миң пенсионер бар. 1-октябрдан тартып камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен пенсия 38 пайызга көтөрүлдү. Көбөйүүнү кошкондон кийин пенсиянын орточо өлчөмү азыр 9330 сом.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылкы эсептөөсүндө өлкөдө 6,8 миллион адам жашаса, анын 50,4 пайызын аялдар түзгөн. Жыл сайын эркек балдар кыздарга караганда көбүрөөк төрөлүп (100 кызга 105 эркек бала туура келет) жатканы, 40 жана 80 жаштан өйдө аялдар эркектерге караганда эки эсе көп экени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG