Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстанда жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын үчүнчү кварталына карай, Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитети маалымдагандай, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму - 8 888 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы - 6 878 сом, балдардыкы - 6 598 сомду түзөт.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 500 сом деп эсептелген.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Эл аралык республикалык институттун (International Republican Institute) быйыл, май айында Кыргызстанда жүргүзгөн сурамжылоосуна катышкандар үй-бүлөсү дуушар болгон эң олуттуу көйгөй катары насыяны төлөөдөгү кыйынчылыкты (20%), жумушсуздукту (15%), кымбатчылыкты (12%) жана эмгек акынын аздыгын (11%) көрсөтүшкөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG