Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

Польшадагы шайлоодо бийликтеги партия алдыда келе жатат


Польшада 15-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына караганда, бийликтеги оңчул консервативдүү, азыркы вице-премьер-министр Ярослав Качьинский башында турган “Укук жана адилеттик” партиясы добуштар боюнча алдыда келе жатат.

Экзит-полдордун жыйынтыгы көрсөтүп жаткандай, ал добуштардын дээрлик 37%, ал эми оппозициячыл, Еврокеңештин мурдагы президенти, Польшанын экс-премьер-министри Дональд Туск жетектеген “Жарандык коалиция” 32% алышы ыктымал.

Бирок “Укук жана адилеттик” көбүрөөк добуш алганы менен өкмөттү түзүүдө кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымал экени айтылууда, себеби ал көпчүлүктү түзүүгө керектүү 230 орунду алышы же “Эркиндик жана эгемендик конфедерациясы” менен мунасага келиши зарыл.

Ал эми “Жарандык коалициянын” башка партиялар менен мунасага келүү мүмкүнчүлүгү жогорураак экени айтылууда.

Үгүт өнөктүгү маалында “Укук жана адилеттик" партиясынын украин данынын экспортуна тыюу салышы Киев менен кайым айтышууга түрткү болгон.

Туск жана анын тарапташтары бийликтеги партияны Польшаны Евробиримдиктен чыгаруу жана аялдардын, азчылыктардын укуктарын чектөө аракеттери үчүн сынга алып келишет. Ал эми бийликтеги партия оппозицияны "мигранттарга жол ачууну көздөйт" деп айыптап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG