Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-октябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндуз 14…19 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан секундасына 4-9 метрге жеткен жел согот.
Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус жылуу болот.