Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Бишкекте жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттордо жүрүү акысын кымбаттатууну сунуштоодо. Бул тууралуу токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, муниципалдык жана менчик транспорттордо жол кире 20 сом болот.

Демилгечилер шаардагы коомдук унаалардын баарында: автобус, троллейбус, кичи автобустар менчигине карабай, бир гана баада - 20 сомдон болушу керек деп сунушташкан. Буга жараша электрондук жол кире картасынын да баасы көтөрүлөт. Мектеп окуучулары үчүн 430 сом, ал эми стандарттуу карта 1200 сом болот.

Долбоордо мындан тышкары муниципалдык транспортто пенсионерлер, I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар, 7 жашка чейинки балдар жана почта кызматкерлери акысыз жүрсүн деген сунуш киргизилген.
Булар үчүн да атайын аты-жөнү, сүрөтү менен персоналдык карта даярдалат.

Азыркы тапта Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбустун жол киреси накталай да, "Тулпар" картасы менен да 11 сомдон. Шаар мэриясы жол киренен өздүк наркы азыркы кезде 19 сом 70 тыйынды түзүп жатканын, муниципалдык коомдук транспорттун чыгымын жабууга шаардык бюджеттен кошумча каражат талап кылынып жатканын белгилеп келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG