Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Улуттук банк соцтармакка тараган купюра боюнча комментарий берди


5-сериядагы 500 сомдук жаңы банкнот. Улуттук банктын сүрөтү.
5-сериядагы 500 сомдук жаңы банкнот. Улуттук банктын сүрөтү.

Улуттук банк соцтармактарда сынга кабылып жаткан жаңы сериядагы 500 сомдук банкнот боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме интернетте "сапатсыз жасалганы" айтылып, тарап жаткан жаңы сериядагы 500 сомдук банкнотторду купюранын түп нускалыгына экспертиза жүргүзүп берүү үчүн Улуттук банкка алып келүүнү өтүнгөн.

Башкы банктын маалыматында улуттук валюта эл аралык стандарттарга ылайык жасалары, акчалардын сапаты ар бир баскыч сайын текшерилери айтылган.

"Эгерде сиздин колуңузга кокусунан шектүү банкнот же тыйын түшүп калса, аны укук коргоо органдарына же Улуттук банкка алып келип беришиңиз керек. Экспертиза акысыз, беш жумуш күнүндө текшерилип берилет", деп эскертти банк.

15-октябрда соцтармактарда жаңы сериядагы 500 сомдук эки банкноттун бири-бирине шайкеш келбегени тартылган видео тартылган. Интернет колдонуучулар акчанын сапатсыз басылып жатканын айтып, талкуулашкан.

Кыргызстандын улуттук валютасы - сом 1993-жылы, 10-майда негизделген.

Быйыл сомдун 30 жылдыгына карата 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG