Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Украин армиясы Орусиянын аскердик тик учактарын жок кылганын билдирди


Украин аскерлери
Украин аскерлери

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 17-октябрда билдиргендей, Москва убактылуу басып алган аймактарга түнү жасалган аба соккулардан орус армиясынын эки тик учагы, курал-жабдык кампасы, артиллериялык куралдар жок кылынды. Соккулар кайсы аймактарга урулганы так белгиленген эмес.

Ал эми Стратегиялык коммуникациялар борбору Телеграмга жазгандай, украин армиясы Луганск, Донецк шаарларына жакын жерлерге жана өлкө түштүгүндөгү Запорожье облусунун орус күчтөрү көзөмөлдөп жаткан бөлүгүнө сокку урду.

Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн Москва дайындаган башчысы Владимир Рогов маалыматты четке кагып, ракеталар атып түшүрүлгөнүн жазды.

Ал эми аннексияланган Крымдын Кремлге баш ийген губернатору Сергей Аксенов орус абадан коргоо системасы 17-октябрга караган түнү сегиз украин тик учагын атып түшүргөнүн билдирди.
Согуш маалында эки тараптын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG