Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Кесиптик лицей жана коллеж директорлоруна сынакта беш талапкер жогорку упай алышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жана коллеждердин директорлоруна сынактын биринчи айлампасы аяктады.

Андан сынакка катышкан 138 талапкердин бешөө гана жогорку упайга ээ болду.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кайра дайындоо эрежесинин талаптарына ылайык, жетекчилери тиешелүү упай албаган мекемелерге кийинчерээк дагы сынак жарыяланат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына жана Билим берүү, илим министрлигинин жаңы жобосуна ылайык, бир орунда беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматтан алынат. Алардын ордуна жаңы жетекчилер сынактык негизде дайындалат.

Өлкө боюнча 100 кесиптик лицейдин 46сында директорлук кызмат үчүн сынак өттү. Калган жетекчилердин дайындалганына беш жыл боло электигине байланыштуу бул жолку сынакка катышкан жок.

Ал эми министрликке караштуу жалпы 26 коллеждин ичинен бул жолу алты коллеждин директорлук кызматына сынак өттү.

Кыргызстандагы 100 кесиптик лицейге мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 200 млн сом каралат. Аларда 30 миң студент билим алат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат. Бул өлкөдөгү айрым мектеп директорлорунун нааразылыгын жараткан.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жарлыктын негизинде жаңы окуу жылында миңге чукул мектептин директору алмашканын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG