Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Иранда балдарга чет тилдерди окутууга тыюу салынды


Ирандагы мектеп окуучулары. 6-май, 2022-жыл.
Ирандагы мектеп окуучулары. 6-май, 2022-жыл.

Ирандын бийлиги бала бакчаларда жана мектептин башталгыч класстарында тарбияланган балдарга араб тили баштаган бир катар чет тилдерин окутууга тыюу салды.

Бул тууралуу 17-октябрда мамлекеттик маалымат каражаттары жазды.

"Бала бакчаларда жана мектептин башталгыч класстарында чет тилдерин окутууга тыюу салынат, анткени дал ушул курагында баланын иденттүүлүүгү калыптанат", - деген билим берүү министри Масуд Теграни-Фаржад.

Иран Ислам республикасында англис тилин башталгыч класстарда окутууга 2018-жылы эле тыюу салынган. Бирок чоң класстарда окутулуп келген.

Сентябрь айында өкмөт иран жарандарына жана кош жарандыгы бар адамдарга балдарын эл аралык мектептерге окутууга тыюу салган. Мунун себебин ирандык балдар мамлекеттик билим берүү системасынын алкагында окушу керектиги менен түшүндүргөн. Бул чечимден кийин Тегерандагы француз, немис тилинде билим берген мектептерде окуучулардын саны кескин кыскарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG