Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Таласта зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү


Талас шаары, зомбулукка каршы жүрүш. 18-октябрь, 2023-жыл.
Талас шаары, зомбулукка каршы жүрүш. 18-октябрь, 2023-жыл.

Талас шаарында 18-октябрда зомбулукка каршы тынч жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда мектеп окуучулары шаар аралап, “Биз кылмыштуулукка каршыбыз”, “Зордук-зомбулуксуз жашоо” деген баракчаларды кармап басышкан. Жүрүшкө шаар жетекчилиги, билим берүү бөлүмүнүн жана шаардык милициянын кызматкерлери катышкан.

Иш-чара соңунда милиция кызматкерлери зомбулук болгон учурларда кайдыгер карабай, милицияга билдирип, коом менен чогуу күрөшүү керектигин жана жарандардын укугун милиция күнү-түнү коргой турганын эскерткен.

Милициянын маалыматына караганда, Талас облусу боюнча жыл башынан бери зордук-зомбулук көрсөткөн 183 факты катталган. Анын ичинен 170 фактысында аялдар жабыркаган.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген. (MKt)

XS
SM
MD
LG