Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Улуттук банк доллардын кымбатташы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 18-октябрда Кыргызстандагы валюта базарындагы кырдаалга байланыштуу түшүндүрмө берди. Башкы банктын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө валюта базарында кырдаал туруктуу. Ички базар Кыргызстандын экономикалык өнүгүү тенденцияларына жана тышкы экономикалык жагдайларга байланыштуу өнүгүүдө.

Акыркы убактарда өлкөнүн ички акча базарында чет элдик валютага суроо-талап өскөнү байкалып, бул валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүнө алып келди.

Улуттук банк бул тенденция өлкөнүн экономикасы үчүн мүнөздүү экенин белгилеп, ага IV кварталдагы импорттун жана керектөөнүн өсүшүнөн улам мезгилдүү суроо-талаптын жанданышын себеп экенин билдирди.

Маалыматта ошондой эле чет өлкөлүк валютанын курсу ички рынокто суроо-талапка жана сунушка ылайык эркин калыптанары эскертилген. Улуттук банк ички жана тышкы валюта базарларындагы кырдаалга көз салып, зарыл учурда Кыргызстандын мыйзамдарына жана акча-насыя саясатына ылайык тийиштүү чараларды көрөрү кошумчаланган.

Кыргызстанда АКШ доллары жыл башынан бери сомго карай 4,25% кымбаттады. Бүгүн, 18-октябрда доллардын расмий курсу - 89 сом 32 тыйын.

Улуттук банк доллардын кымбатташына байланыштуу окятбрь айында эки ирет интервенция жасап, 92 млн 690 миң долларды сатыкка чыгарды.

18-октябрда Кыргызстандагы коммерциялык банктарда 1 доллар 89 сом 37 тыйындан сатылууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG