Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Москва: мигрант баласына эшигин жапкан мектептер


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусияда эмгек миграциясында жүргөн айрым кыргызстандык үй-бүлөлөр балдарын мектепке киргизүүдөн кыйналганына даттанууда. Сентябрдан бери убара тарткан ата-энелер айрым мектептерден "орун жок" деген жооп укканын билдиришти. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ушундай көйгөй менен кайрылгандар бар экенин, бирок баланы мектепке киргизүү үчүн эртерээк аракет кылуу зарылдыгын эскертүүдө. Элчилик соңку кезде балдарын ала кетип, мектепке бергендер көбөйгөнүн белгиледи.

"Эки баламды мектепке киргизе алган жокмун"

Он жылдан бери Москвада жашап, иштеген кыргызстандык Рахима Айтахун кызы эки баласын мектепке киргизе албай калганын айтууда. Ата-энесинин колунда чоңоюп жаткан балдарын быйыл Орусияга ала кетишкен экен. 6-8-класстарга көчкөн балдарын жайдан бери эле Москвада өздөрү жашаган райондогу мектепке киргизүүгө аракет кылган.

Онлайн каттоого туруп, бирок соңунда орун жок деген жооп алган. Эми мектеп үчүн башка районго көчүүгө аргасыз болгонун айтууда.

"Эгер орун жок десе, бир-эки класс төмөн отургузганга да макул элек. Балдар Кыргызстанда орус мектепте окуган, тилден кыйналмак эмес. Уулумдун бою кичине, эки класс кийин окуса деле болот. Кызымдын бою узун, 14 жаштагы кызды 3-класска отургузмак белем. Бир эже кызын 7-класста алып келген экен, эки жылдан бери бере албай жатканын айтты. Балдарым май айында келгенде эле мен mos.ru тиркемесин жүктөп алып, каттала баштагам. Бардыгын ирети менен жасадым. Бардык документтер бар болчу. Бул жакта директорлор Кыргызстандагыдай мектепте отурбайт экен, башка жерде отурат деп айтышты. Ал жерди дагы бара берип жаттап калгам. Кузьминкидеги бир мектепке барсам, концеляриядан бир келин чыгып, баштан-аяк карап туруп, "бул жакта нанга бал сүйкөп коюптурбу, эмне эле баарыңар ушул жакка келип атасыңар?" деди. Мен да "жыргагандан келген жокпуз" деп жооп бердим. "Өзүңөргө кеткиле" деп кирип кетти. Аябай ызаландым, балдар жанымда болгон үчүн гана унчуккан жокмун", - деди кыргызстандык Рахима.

Ал быйыл уул-кызын мектепке бере албай жаткан ата-энелер менен Москвада көп кездешип жатканына токтолду.

"Биз жалгыз эмес экенбиз, Москвада кыйналгандар аябай көп. Жылдап мектепке бере албай жүргөндөр бар экен. Курбум балдарын былтыр эле мектепке киргизген. Мындай көйгөй жок болчу. Жумуш дагы мурдагыдай эмес, кыйын болуп калды. Мурда кичине жакшыраак болчу. Согуштан уламбы, айтор рублдин куну дагы түшүп кетти. Үйгө кетебизби, эмне кылабыз айтор, билбей калдык".

Рахима Айтакун кызынын балдары учурда акысыз окуткан гуманитардык мектепке барып жатат. Балдар ал жактан жумасына эки-үч жолу үч-төрт сааттан ар кайсы сабактан билим алат экен. Рахиманын айтымында, мектеп чиркөөгө караштуу күркөдө жайгашкан. Аны тендерди утуп алган диниятчы ачып, мигранттардын, качкындардын балдарын окутат. Окууну бүткөндө "сабакты укту" деген сертификат берилерин айткан.

"Кызым эки класс төмөн окугусу келген жок"

Кийинки маектешибиз Гүлназ Жураева дагы быйыл 4-класска көчкөн кызын мектепке киргизе албай койгон. Буга чейин Баткендин Кулунду айылында жашаган Гүлназ былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин үй-бүлөсү менен Москвага иштегени келишкенин айтты:

"Орун жок дейт. Төрт мектепке документ тапшырдым. Директоруна жолугайын десем, киргизбей коюшту. Кызым экөөбүз биз жашаган жерге жакын 825-мектепке барып кетпей ыйлап туруп алдык. Эртең менен 8де барганбыз директор ал корпуста, бул корпуста деп убара кылышты. Анысына да, мунусуна да бардык. Акыры кетпейт экен деди окшойт, саат 4 болгондо киргизишти. Орун басары чыгып "орун жок дегенди түшүнбөйт экенсиңер, өзүңөр жакка барып окугула" деп кыйкырды. Каттоону өзүмө дагы, кызыма дагы даярдагам. Август айынын бери чуркап атам, бардык документин даярдагам. Бул жакта окутуу аябай кыйын экен. Азыр деле аракет кылып жатам. Кыргызстанга кетсек дагы кандай болот дейбиз. Биз Баткендин чек арасынан, согуш болгон жерден келгенбиз. Ал жакта үйүбүз бар, бирок барып жашагандан коркобуз. Эми Бишкектен үй алыш керек деп жатабыз. Кызым 1-2-классты Кулундудан окуду. Согуш болгондон кийин качып келип 3-классты Бишкектен окуду. Москвада 2-класска окусун дейт. Кызым окубайм деп туруп кетти. "9-класска чейин кетпей окуйм деп убада берсеңер гана алабыз" деп айтышты".

Гүлназ кызы мектепти сагынып, күндө ак бантик тагынып баруу үчүн даярданып жатканын айтууда.

"Күндө мектепке барам дейт, даярданат. Жаныбызда китепкана бар экен, ал жактан китептерди алып келип үн чыгара окуп, өзүн катуу даярдап атат. Эми билбейм, "шашпай тур, кызым" дейм. Өзүм дагы жумушка кеч калбайын деп чуркап кетем, ошентип эки ай өтүп кетти деп отурабыз".

"Москва: класстарда орун жетишсиз"

Биз маектешкен кыргызстандык мигранттардын көбү орун жоктугу, каттоого байланыштүү көйгөйлөр жана жарандык сыяктуу себептерден улам мектепке балдарын киргизе албай калган учурлар быйыл көп экенин бир ооздон белгилешүүдө.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова ушундай көйгөй менен аларга кайрылгандар бар экенин "Азаттыкка" ырастап, соңку учурда балдарын ала кеткен үй-бүлөлөр көбөйгөнүн белгиледи.

Ал мектепке ата-энелер балдарын миграциялык каттоосу менен мектепке киргизерин, мектепке кабыл алуудан баш тартуунун негизги себеби – класстардагы орундардын жетишсиздиги болуп жатканын айтууда:

Гүлбарчын Байымбетова
Гүлбарчын Байымбетова

"Балдарын мектепке, бала бакчага киргизүү үчүн Орусиянын атайын мекемелерине кайрылат. Көпчүлүк ата-энелер анын жол-жобосун билет. Кээ бирлери аны билбей дагы калышы мүмкүн. Элчиликке күнүгө абдан көп кайрылуу келип түшөт дегенден алысмын. Көптөрү онлайн эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү (mos.ru) порталынан тийиштүү сайттан (gosuslugi.ru) баласын мектепке киргизүү үчүн арыз жазат. Бул маселе бизге тааныш. 1-класска киргизем десе, февраль-апрель айларында, башка класстар үчүн апрель-май айларында аракет кылыш керек. Биздин жарандарыбыз көбүнчө август айында, сентябрга жакын баштайт. Ошого чейин класстар толуп калат дагы, биздин жарандардын арызына "баш тарттык" деген кагаз келет. Негизги себеби катары класстардын толуп калганы көрсөтүлгөн. Ошондой учурда башка мектептерге арыз жазса болот. Бирок бул жерде каттоо маселеси бар. Кайсыл аймакта каттоого турса, ошол аймактан мектеп караш керек. Бизде жарандар жашаган жери башка, катталган жери башка болгондуктан, мектептен терс жооп келип калат. Негизсиз эле мектепке албай койбойт".

Байымбетова белгилегендей, быйыл балдардын окуусуна байланышту 16 кайрылуу түшүп, 20 бала мектепке киргизилген. Дагы 10го жакын бала боюнча арыздар каралып жатат.

Анткен менен кыргызстандык Гүлсанам Дувашева каттоосу болгонуна карабай быйыл кызын 1-класска, баласын бала бакчага бере албай калган. Буга чейин эки кызын мындай көйгөйү жок эле бир класс төмөн отургузган экен.

"Кызым быйыл барбай калды, үйдө отурат. Менчик мектепке киризели десек да, "каттоо чыкпай жатат" деп болбой коюшкан. Электрондук түрдө каттоодон өткөм. Каттоом деле ушул үйдө, эмнеге болбой жатканын түшүнбөдүм".

Ушул маселеден улам юристтерге кайрылгандар дагы жок эмес. Москвадагы кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөткөн активист Чынарбек Базарбаев буларга токтолду.

Чынарбек Базарбаев
Чынарбек Базарбаев

"Өзгөчө Москва шаары менен Москва облусунда баланы мектепке киргизүү үчүн негизгиси тийиштүү райондо каттоосу болушу керек. Мындан сырткары медициналык камсыздандыруу чоң көйгөй болууда. Ошолорду жасай албай, Кыргызстандан алган медкарталардын туура эместиги, эмдөөлөрдү толуктоо дагы көп кыйынчылык жаратууда. Мындан сырткары gosuslugi.ru сайтына каттала албай кайрылгандар дагы өтө көп. Эң негизгиси, мигранттар балдарга мамлекеттик камсыздандыруу маселесин көптөн бери көтөрүп келет".

Азырынча канча бала мектепке кирбей калганы тууралуу элчиликте так маалымат жок. Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына караганда, Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны жарым миллионго жакын. Соңку эки жылда Орусияда мигранттарга байланышкан текшерүү жана талаптар күчөгөнү байкалды. Ошол эле учурда миграция мыйзамдары катаалдашты. Расмий маалыматтарда быйылкы жылдын алгачкы алты айында Орусияга акча табууга барган мигранттардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе азайганы айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG