Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

"Кытайдын айрым жарандары жети күн визасыз жүрө алат"


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Министрлер кабинети Кытайдын Гонконг жана Макао аймактарынын жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Бир алкак, бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирген.

Бул визасыз режимдин шарттары, коомчулукту чочулаткан айрым маселелер боюнча Эдил Байсалов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Эдил мырза, 11-октябрда Кытайдын айрым аймактарынын тургундары үчүн Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилгени айтылды. Бул келишимдин шарттары кандай? Эмне максатты көздөйт?

- Биздин улуу коңшу Кытай Эл Республикасы менен мамилебиз бийик стратегиялык деңгээлге чыкты. Биз Кытайдан туристтерди күтөбүз. Миллиарддан көп калкы бар мамлекет. Бизге абдан кызыгат. Ошолорго кандайдыр бир шарттарды түзө баштадык. Биринчи кадам катары Гонконг жана Макао атайын административдик аймактарынын тургундарына, АКШ жана Европа Биримдигине, Англияга визасы бар кытай жарандарына жети күнгө визасыз режим киргизип атабыз. Бул биздин биринчи кадам болуп турат. Туристтик алаканы өнүктүрүү жана инвесторлор, ишкерлер үчүн шарт түзүп атабыз.

- Кытайдын башка аймактарындагы жарандары, инвесторлор үчүн да визасыз режим каралышы мүмкүнбү?

- Азыркы учурда бир канча мекеме, министрликтердин арасында иштер жүрүп атат. Билесиздер, казак туугандар, өзбек туугандар бир тараптуу визасыз режим киргизип, жол ачышкан. Эгерде авиакаттамдар менен каттай турган болсо, биз да ошону караштырып жатабыз.

- Ал эми Кыргызстандын жарандарына кандайдыр бир жеңилдиктер каралганбы? Анткени Кытай менен соода кылган жарандар көп. Алардын визасына байланыштуу маселелер айтылып келатпайбы?

- Сөзсүз түрдө. Билесиздер, коронавирус пандемиясынан кийин он миңдеген жараныбыз, өзгөчө айдоочулар, студенттер кайрылып, кандайдыр бир кыйынчылыктар болгон. Бирок азыркы учурда бир калыпка келди. Биз Кытай менен сүйлөшүүлөрдү улантуудабыз. Тилекке каршы, Кыргызстан бир канча "кара тизмеде" болуп калыптыр. Бул каржылык жактан дагы, туристтик жактан дагы. Расмий көз карашында Кыргызстан кооптуу мамлекет катары саналып, керек болсо Ооганстан, Сомалинин катарына кирип калыптырбыз. Эки мамлекеттин мамилелерин ушундай абалга жеткириптирбиз.

Президент Жапаров Кытайга барып, жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин бизге мамиле өзгөрүп, "кара тизмелерден" чыгарганга Кытай биз менен кошо иштеп атат. Азыркы тапта миллиарддаган долларлык инвестиция келип атат. Биз дагы барып атабыз. Биздин жаштарыбыз, жарандарыбыз 10 миңдеп Кытайга барышы керек. Кытай башка мамлекеттер менен салыштырмалуу биздин жарандарга шарт, баа жагынан ыңгайлуу. Азырынча айтпай турайын. Буюрса, жазында чоң-чоң студенттик программаларды жарыялайбыз.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда Бишкекте өткөн жыйын. 11-октябрь, 2023-жыл. Өкмөттүн сайтынан алынган сүрөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда Бишкекте өткөн жыйын. 11-октябрь, 2023-жыл. Өкмөттүн сайтынан алынган сүрөт.

- Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү сунушу буга чейин да айтылып келген. Ошондо айрым жарандар коопсуздукту эске алып, маалыматты чочулоо менен кабыл алышты эле. Кооптонууга кандайдыр бир негиз барбы?

- Кооптонууга эч кандай негиз жок. Мурун биздин жарандардын арасында Кытай жөнүндө ар кандай түшүнүктөр акыркы 5-10 жылдын ичинде кескин өзгөрдү. Кытай азыр өтө бай, жашоо деңгээли да жогору өлкө. Ошондуктан кандайдыр бир миграция болот, отурукташып калат дегенге негиз жок. Биринчи кезекте Кытай өздөрү да коопсуздукту түзүп берип атышат. Ар бирөөнө жети күндүк визасыз режим киргизип атабыз. Алар келип эле кетишет. Биздин тиешелүү органдар ар бирин көзөмөлгө алып турат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG