Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Египет Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачыларын жарыялады


Рафах өткөөлүнүн Египет тарабы. 18-октябрь 2023-жыл
Рафах өткөөлүнүн Египет тарабы. 18-октябрь 2023-жыл

19-октябрга караган түнү Египет Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн туруктуу коридор ачыларын жарыялады. Жүк Рафах чек ара текшерүү пунктунан өтүп турмакчы. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Египет тилкеге бет алган 20 чакты машинаны коё берүүгө көнгөнүн билдирген. Президент ал жүктү ХАМАС өзүнө тартып алса, бул жараян токторун эскерткен.

Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сисинин басма сөз катчысы макулдашууга жетишилгенин айтып, бирок жүк качан жеткириле баштарын тактаган жок.

Байден гуманитардык кербендин өтүшү үчүн жол оңдолууга тийиш, машиналар жумага чейин, сыягы, өтө албайт, жүктү Газада БУУнун агенттиктери бөлүштүрөт деп кошумчалаган.

Кызыл жарым ай уюмунун Түндүк Синайдагы бөлүмүнүн жетекчиси Халид Заед Рафахтын Египет тарабында 3 миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам жүктөлгөн 200дөн көп машина турганын билдирген.

Жакындары ХАМАСтын барымтасында отурган израилдик үй-бүлөлөр бийликтин гуманитардык жардамды өткөрүү чечимине нааразы болууда. Алар туткундар коё берилмейинче, тилкеде тартыш болуп аткан керектүү оокаттар жөнөтүлбөөгө тийиш деп эсептешет. Соңку маалыматка караганда, радикал топтун колунда 200гө чукул киши кала берүүдө.

Израил ХАМАСтын кандуу жортуулуна жооп кайтарып, Газаны блокадага алган жана сокку урууда. Тилкеде суу, дары-дармек, азык-түлүк тартыш болуп, гуманитардык апаат коркунучу жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG