Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Ташиев кылмыштуулукту колдогондор да жазаланарын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго болушуп, аларды колдогон адамдар чыгып жатканын белгиледи. Ал мындан ары кылмыштуулукту колдоп, жактагандар да жазага тартыларын айтты. Ташиев бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда коопсуздук кызматынын Чүй облусундагы Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратын ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

"Кылмыштуулукту жоготуп, камап жатканыбызга кээ бирөөлөр нааразы, аларды аягандай болуп жатышат. Мындан ары кылмышкерлерди гана эмес, кылмыштуулукту колдогондорду, аларды жогорку деңгээлге алып чыгып, даңазалап жүргөндөрдү да жазалайбыз. Кылмыштуулук түп- тамыры менен жок болушу керек. Биз өзүбүздүн кызматыбыз менен ушуга шарт түзүүгө тийишпиз".

Ташиев тазалоо улана берерин, мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында укук коргоо органдарында жана башка мамлекеттик органдарда иштеп, бирок мамлекетке каршы иштеген кызматкерлер да жазага тартыларын билдирди.

Камчыбек Ташиев буга чейин 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө "мыйзамдагы ууруларга" орун жоктугун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирген.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн билдирген. Атайын кызмат Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Бул аралыкта Көлбаевге тиешеси бар делген жана кылмыштуулукту каржылаган деген шек менен бир канча киши кармалып, камакка алынды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG