Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

АКШнын Сириянын түштүгүндөгү аскер базасы дрон чабуулуна кабылды

Сириянын түштүгүндөгү америкалык аскерлер. (архивдик сүрөт)
Сириянын түштүгүндөгү америкалык аскерлер. (архивдик сүрөт)

АКШнын Сириянын түштүгүндөгү террорчуларга каршы атайын аскерлердин машыгуучу базасы дрон чабуулуна кабылды. Associated Press расмий булактарына кайрылып билдиргендей, бир дрон жок кылынган, экинчисинен базанын кызматкери жеңил жараат алды.

Газа тилкесиндеги ооруканада жүздөгөн адамдардын набыт болгонуна нааразылык күчөгөндөн берки күндөрү мындай чабуулдар АКШнын жана анын союздаштарынын Ирактагы обьектилерине да жасалды.

Al-Tanf гарнизону Сириянын түштүк-чыгышында, ирандык согушкерлер "Хезболла" радикал тобуна курал-жарак ташыган жолго жакын жайгашкан.

Сириянын оппозициялык активисттери бейшембиде дрондор өлкө чыгышындагы америкалык аскерлер жайгашкан мунай ишканасына да чабуул жасаганын маалымдашты.

Deir Ezzor 24 басылмасынын европа бюросунун жетекчиси, активист Омар Абу Лайла дрондор Ирак менен чектеш Дейр-эз-Зор провинциясындагы газ кенине чабуул койгонун билдирсе, баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары борборунун өкүлү Рами Абдурахман Conoco газ кенинин айланасында беш жардыруу болгонун ырастады.

17-октябрдын кечинде Газа тилкесиндеги ооруканада жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жарылуу болгон.

Окуя үчүн ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясын күнөөлөгөн. ЦАХАЛ дооматтарды четке кагып, аны “Ислам жихады” радикал уюмунан көргөн.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк киши бар экени белгисиз.

19-октябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги ал кол салууда 28 жараны окко учканын, жетөө дайынсыз болуп жатканын билдирди. 18-октябрда АКШнын президенти Жо Байден Тель-Авивде туруп сүйлөгөндө кандуу чабуулда 31 америкалыктын өмүрү кыйылганын айтты.

Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет.

ХАМАС башкарган сектордун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, 12 миңге жакыны жараланганын билдирди. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты бышыктоо мүмкүн эмес.

ХАМАС бир нече туткун каза тапканын билдирген.

XS
SM
MD
LG