Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Казакстанда милиция Өзбекстандын 60тан ашуун жаранын кулчулуктан куткарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Чымкенттеги кыш заводунда мыйзамсыз эксплуатацияланып жүргөн 60тан ашуун өзбек жаранын бошотту.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Polisia.kz. сайтына жазылган маалыматтарга караганда, полицияга Актөбөнүн тургуну, бир тууганы - Өзбекстандын жараны Чымкенттеги кыш заводунда кулчулукта жүрүп, Алматыга качып барган кезде белгисиз бирөөлөр кармап кеткенин айтып кайрылган.

Бул кайрылуудан кийин Алматы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Ауэзов райондук полициясынын кызматкерлери Чымкентке барып, үч кишини кармаган.

Тинтүү учурунда кыш заводунда иштеп жаткан дагы 60ка жакын өзбек жараны бар экени аныкталган. Аларды кыш заводго ишке чакырып, андан кийин документтерин алып коюшкан, айлык акыларын бербей, ур-токмокко алышкан.

Кулчулуктан куткарылган 25 адам "Сана сезим" кризистик борборуна жеткирилди, калгандары документтеринин жоктугуна байланыштуу бөлүштүрүүчү жайга киргизилген.

Кыш заводдун ээлерине "Ишке мажбурлоо максаты менен эркиндигинен ажыратуу" жана "Өзүм билемдик" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Казакстанда документи жок кыргызстандыктар да кулчулукка кабылган учурлар катталып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык эмгек уюмунун 12-сентябрдагы баяндамасына ылайык, дүйнөдө дээрлик 28 миллион адам кулчулукта жүрөт, дагы 22 миллион киши эркине каршы никеге турууга мажбур болгон. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 10 миллионго көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG