Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Орусия: Бастрыкин Украинадагы согушка баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылды


Александр Бастрыкин
Александр Бастрыкин

Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка катышууну каалабагандарды жарандыктан чыгарууну сунуштады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Атайын операция жүрүп жаткан чакта аларды буга тартуу керек деп эсептейм. Эгер ал Орусиянын жараны болуп туруп, өзүнүн аскердик милдетин аткарууга даяр болбосо, анда мындай адамды жарандыктан ажыратуу керек" , - деди Бастрыкин.

Кремлдин мигранттарды согушка мажбурлап жөнөтүп жатканы бир жыл мурда белгилүү болгон.

2022-жылы октябрда укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда мигранттарды согушка баруу үчүн келишимге кол койдуруп жатканын кабарлаган. Быйыл августта Орусиянын бир катар аймактарында укук коргоо органдары жакында эле жарандык алып, бирок аскердик каттоого турбаган эркек мигранттарды издеп, рейд өткөрүшкөн.

Полициячылар аларга жолуккан жерден аскерге чакыруу кагазын берген же аскер комиссариаттарына алып кеткен.

Кийинчерээк Украинадагы согушка эркек мигранттарды гана эмес, аялдарды - Кыргызстандын жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын да тартуу аракети катталган. Аларга чоң өлчөмдөгү айлык акы убада кылынып, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы жана фронттогу аскер бөлүктөрүндө ашпоз, медайым болуп иштөө сунушталган.

Орус президенти Владимир Путин быйыл апрелде кол койгон "Орусиянын жарандыгы тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясында аскердик милдетинен баш тартканы үчүн жарандыктан ажыратуу беренеси бар.

Орус жарандыгынан ажыратууга жол берген беренелерге массалык башаламандык, митинг тууралуу мыйзамдарды бир нече жолу бузуу, дезертирлик, "чет элдик агент" мыйзамын бузуу, аскердик "фейктерди" таратуу жана "орус армиясын дискредитациялоо" кирет.

Ага ылайык, чет өлкөдө туулуп, Орусияга келгенден кийин алынган жарандыктан ажыратуу чечимин Ички иштер органы чыгарат. Мындай негизде жарандыктан ажыратылгандар үч жылдан кийин гана кайра жарандык суроого укуктуу.

Орусиянын Конституциясына ылайык, бул өлкөдө туулган адам жарандыктан ажыратылбайт.
2017-жылы Орусия паспортун кийин алгандар терроризмге жана экстремизмге айыпталып, соттолсо, жарандыктан ажыратылат деген мыйзам чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG