Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн визасыз жүрүү тартиби өзгөртүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча жаңы эрежелер 21-октябрдан тартып иштей баштаганын билдирди.

Мекеме Орусиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына “Кыргызстанда орус жарандары үчүн “визаран” системасы жоюлганы” тууралуу жаңылыктар чыкканын кабарлап, ага түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы тартип Кыргызстандын аймагында андан ары жүрүүгө укук берген документтерди толтурбаган чет элдиктерге тиешелүү. Буга чейин бир топ мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүп, ал бүткөндөн кийин чек арадан чыгып, кайра кирсе дагы 30 күн ээн-эркин жүрө берчү. Жаңы эрежеге ылайык, чет элдиктер 90 күн каттоосуз жүрө алат. Бирок ал мөөнөт аяктаган соң, каттоого турушу зарыл же, өлкөдөн чыгып кетиши керек. Каттоосуз жүрүш үчүн кайра 90 күндөн кийин гана Кыргызстанга кире алат.

Ошол эле учурда Кыргызстанга жеке максаттары менен кирген Орусиянын жарандары каттоодон өтүүдө баштапкы каттоо 180 күнгө толтурулат. The Moscow Times басылмасы Владимир Путиндин 12-13-октябрдагы Бишкек сапарынан кийин “визаран” системасы жокко чыгарылганын жазган.

Тышкы иштер министрлиги бул орус жарандарынын Кыргызстанда жүрүү укуктарын чектебей турганын жана мындай тартип чет элдиктердин Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн иретке келтирүү үчүн киргизилгенин кошумчалады.

“Визаран” – визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG