Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Израил ХАМАСка каршы чабуулун күчөтөрүн билдирди


Израилдин армиясы жердеги операцияларына чейин Газа тилкесиндеги ХАМАСтын жоочуларын аткылоону күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниэль Хагари маалымдап, Газа тилкесинин түндүк тарабындагы элди коопсуз жакка чыгып кетүүгө чакырды. Ал ХАМАС карапайым элдин үйлөрүн пайдаланып жатканын айтты.

"Газадагы биз сокку урган ар бир имаратты ХАМАС өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат".

ЦАХАЛ Газада пландалган жердеги операциялары качан башталарын маалымдай элек. Мурдараак барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө убакыт берүү үчүн АКШнын өтүнүчү менен жылдырылганы кабарланган.

Ишемби күнү кечинде ХАМАСтын өкүлдөрү барымтадагы адамдардын ичинен эки кишини бошоторун билдиришкен, бирок Израил аны четке какты. ХАМАС ал үчүн кандай шарт койгону белгисиз.

Жума күнү АКШнын эки жараны - аялдар бошотулган.

Радикал топтун колунда 200дөн ашуун киши барымтада турганы айтылууда.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз.

Израил андан бери палестиндер байырлаган Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 4 миңден ашуун адам каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG