Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Украинадагы "энергетикалык террор" коркунучу


Украин куралдуу күчтөрү 23-октбярга караган түнү орус армиясы 14 дрон жана ракета менен сокку урганын, бардыгы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ички иштер министри Донецк, Херсон, Сумы жана Одесса облустарында cегиз калктуу пункт аткылаганын жазды. Орусия комментарий жасай элек.

Орусиянын соккусунан каза тапкандар 21ден 30га чейинки курактагылар.

Харьковдун облусттук администрациясы почтанын логистикалык борборуна урулган соккуда жараат алгандардын экөө өтө оор абалда экенин дүйшөмбү күнү билдирди.

21-октябрдын кечинде орус аскерлери Харьков шаарынын жака белиндеги Коротич айылындагы почта терминалына ракетадан сокку урганда ал жерде иштеген алты кызматкер мерт кеткен, 17си жарадар болгон. Маалыматка караганда, жабыркагандардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган.

Облус администрациясы жарадар болгондордун бардыгы 19-48 жаштагы эркектер экенин кошумчалады.

Харьков: "Жаңы почтага" тийген соккуда набыт болгондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

“Жаңы почта” компаниясы набыт болгондордун кичүүсү 21де, улуусу 30 жашта экенин айтып, маркумдардын тизмесин чыгарды. “Ар бири тууралуу сөзсүз айтып беребиз. Жакындары менен байланышып турабыз. Кесиптештерибиздин жаркын элесин түбөлүккө сактайбыз. Алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына чын жүрөткөн көңүл айтабыз”, - деп жазды компания.

22-октябрда украин президенти Владимир Зеленский дагы маркумдардын жакындарына көңүл айтты: "Куткаруу операциясы жыйнытыкталды, жабыркагандарга зарыл болгон жардам берилди. 17 киши жарадар болду. Сокку алты кишинин өмүрүн алды. Курман болгондордун туугандарына, досторуна көңүл айтам. Орусиянын ар бир террордук аракетине, анын ичинде бул соккуга сөзсүз жооп кайтарабыз".

Украин полициясынын полковниги Михаил Цап ишембиде кечки саат ондон өткөндө депого эки жолу сокку урулганын, сирена жаңырганда кызматкерлер башкалкалоочу жайга жашырынууга үлгүрбөгүнүн билдирди:

"Бул аскердик эмес, карапайым адамдар иштеген жарандык жай экенин дагы бир жолу кайталаймын. Армияга эч кандай тиешеси жок. Ал жерде ондогон карапайым киши өз жумушун аткарып жаткан".

Полициянын өкүлү соккудан айрым курулуштар жарым жартылай урап калганын, почтанын жанында турган ондогон кызматтык жана менчик машиналар зыянга учураганын, өрт 300 чарчы метр аянтты чалганын кошумчалады.

Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов алдын ала маалыматка таянып, орус аскерлери С-300 комплексинен эки ракета атканын кабарлаган.

Орус Коргоо министрлиги соккуга байланыштуу комментарий жасай элек.

Москва 2022-жылдын февралында кошуна өлкөгө басып киргенден бери аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет. Ал эми турак жайлар, жарандык инфраструктура аткыланган, жайкын тургундар набыт болгон учурларды комментарийсиз калтырат.

Дүйшөмбүдө Украинанын башкы прокуратурасы согуш башталгандан бери 508 тестиер каза тапканын билдирди. Андан тышкары бери дегенде 1138 бала жарадар болду. Мекеме белгилегендей, бул маалымат толук эмес, жапа чеккендерди тактоо иши уланууда. Статистикага ылайык, эң көп жеткинчек Донецк облусунда жабыркаган.

Украина: согуш 500дөй баланын өмүрүн кыйды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Ал арада эки тараптын куралдуу күчтөрү Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка, Мелитополь жана башка багыттарда кармаштарды улантканын кабарлашты. Согуш шартында айрым маалыматтарды дароо текшерүү мүмкүн эмес.

“Энергетикалык террор” коркунучу

Дүйшөмбү күнкү дагы бир маалыматка караганда, алдынкы күнү кечинде Украинадагы Жылуулук борбору аткыланды. "Донбасс отун-энергетикалык компаниясы" жоготуулар болбогонун, бирок ишкананын жабдууларына олуттуу зыян келтирилгенин, энергосистеманын ишин үзгүлтүккө учураптоо үчүн бар аракет жумшалып жатканын кабарлады. Энергохолдинг акыркы жолу жылуулук борборлорунун бири 24-августта соккуга туш болгонун кошумчалады.

Кыш жакындаганы украин бийлиги энергетикалык инфраструктурасын өзгөчө коргоого алуу, коопсуздугун камсыздоо максатында атайын чараларды көрүп жатат.

Былтыркы жыл Украинанын энергетика системасы үчүн өтө оор мезгил болгон. “Укрэнерго” мамлекеттик оператору маалымдагандай, орус аскерлери электрстанцияларга 1 миң 200дөн ашуун ракета менен дрондон чабуул койгон. Катардагы украиндер кышкы ызгаарда сааттап жарыксыз, суусуз отуруп калган. Расмий Киев ал окуяларды Орусиянын “энергетикалык террору” деп атаган.

Жакында украин премьер-министри Денис Шмыгаль АКШ энергетикалык жабдууларга жана Украинанын инфраструктурасын коргоого 522 миллион доллар бөлгөнүн жарыялаган.

Ал эми карапайым украиналыктар кышка отун, шам, газ балондорун камдоо, генератор же, чамасы жеткендер күн паннелдерин сатып алуу менен алек.

Украина: Запорожье АЭСинде кырдаал кооптуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:48 0:00

XS
SM
MD
LG