Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Медербек Алиев Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайлар көбөйгөнүн айтып чыкты. Ал Бишкектеги курулуштардын сапатын текшерүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиясы менен абалды көрүп чыкканын билдирди.
“Биз мыйзамсыз курулуштарга кайдыгер карабашыбыз керек. Буга байланыштуу кылмыш иштер козголуп жатканы менен мыйзамсыз курулуштар токтогон жок. Бардык мыйзамдык талаптарды аткарган компаниялар да жок эмес, бар. Бирок жалпы курулуш компаниялардын 60% мыйзамды көзгө илбей, эптеп пайда көрөм деген коммерсанттар", - деди Алиев.
Ал Бишкекти ыш каптап жатышына мыйзамсыз курулуштардын да таасири бар экенин, өрт чыкканда же жер титиреген учурда жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдүн “абалы оор болорун” кошумчалады.
Депутат Кыргызстандагы негизги баалуулук адамдын жашоосу жана саламаттыгы экенин белгилеп, борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштарга укук коргоо органдары олуттуу карашы керектигин эскертти.
Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү (кээ бир маалымат боюнча 35) Бишкекте экени быйыл февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон.
Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алгандар курулуш бүтпөй жатканын жана мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.