Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Бишкекте Исхак Раззаковдун 113 жылдыгы белгиленди


25-октябрда мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнүндө Бишкекте аны эскерүү иш-чаралары өттү. «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү эскерүүгө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, маркумдун Лейлектен келген жакындары, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Раззаковдун Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө кошкон салымы, тарыхтагы орду, анын адамдык сапаттары тууралуу сөздөр айтылды.

«Албетте, ал киши мамлекеттик ишмер болгон. Мындан тышкары ал күчтүү экономист эле. Убагында аны Москвада калып, илимий карьерасын улантууну суранышкан. Ошондой эле ал орус адабиятынын мыкты котормочусу болгон. Айтор, ал көп кырдуу талант эле», - деп эскерди таятасын небереси Берк Раззаков.

Иш-чаранын катышуучулары бүгүн 25-октябрда 113 жылдыгы белгиленип жаткан Раззаковдун үй-музейине да барып, анын элесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышышты.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп, Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданып, социалдык тармакта көп ийгиликтер болгон.

23-октябрда президент Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковага Кыргызстандын паспорту менен Бишкек шаарынан сатылып алынган батирди тапшырган. Москвада жашап келаткан Элмира Раззакова ага кыргыз жарандыгын алууну президент сунуштаганын жана анын өтүнүчүн жерде калтыра албаганын айткан.

XS
SM
MD
LG