Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:59

Балыкчыда Көлбаевдин классташы, кылмыш тобунун өкүлү кармалды


Милиция тараткан сүрөт.
Милиция тараткан сүрөт.

Балыкчы шаарында алдамчылыкка шек саналган уюшма кылмыш тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү атайын операцияда жок кылынган кримавторитет Камчы Көлбаевдин классташы жана досу болгон.

Кармалган адам 49 жаштагы Б.Б. аттуу Балыкчы шаарынын тургуну. Ал тууралуу милицияга шаардын дагы бир тургуну үч миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргенин айтып кайрылган.

"Алынган маалыматтарга ылайык, кармалган адам Балыкчы шаарынын кримтөбөлү экени аныкталган. Ал бөгөт чарасы аныкталганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда",-деп жазылган маалыматта.

Атайын кызматы Көлбаевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган. Анда “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалганын билдирген.

Ошондой эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы бир миллиард долларлык актив камакка алынганы белгилүү болгон.

Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган. (AKa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG