Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Бишкекте советтик репрессиянын курмандыктарын эскерүү акциясы өтөт


“Эсимде” изилдөө аянтчасы 29-октябрда Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Жеңиш паркында советтик репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрөт.

"Аттарын кайтаруу" деп аталган акциянын алкагында репрессияга кабылгандар тууралуу, тактап айтканда, алардын аты-жөнү, жашаган жери, репрессия учурундагы жашы, иштеген жери же кесиби, репрессия болгон күнү, жылы жана реабилитацияланган жылы жөнүндө маалымат берилет.

"Аттарын кайтаруу" акциясы биринчи жолу 2007-жылы Москвада Соловецкий ташынын жанында өткөрүлгөн. Ошондон бери бир катар өлкөлөргө жайылып, миңдеген адам катышкан.

Жогорку Кеңеш 19-октябрда өткөн кылымдын биринчи жарымындагы саясий репрессияларда куугунтукка кабылган, жок кылынган кыргызстандыктарды реабилитациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Ошол мезгилдерде болжол менен 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлдөрү жарым-жартылай кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG