Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:41

Сербия-Венгрия чегинде мигранттар атышканда үч киши мүрт кетти


Сербия менен Венгриянын чек арасындагы мигранттар атышкан аймакты полиция кызматкери курчады. 27-октябрь, 2023-жыл.
Сербия менен Венгриянын чек арасындагы мигранттар атышкан аймакты полиция кызматкери курчады. 27-октябрь, 2023-жыл.

Сербия менен Венгриянын чек арасынан анча алыс эмес жерде мигранттар атышып, үч кишинин өмүрү кыйылып, бир адам оор жараат алды. Окуя 27-октябрдын таңында Хоргос кыштагындагы каралбай калган кампалардын биринде болгонун серб полициясы "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун балкан кызматына билдирди.

Атышуу болгон жерге көп сандагы полиция кызматкерлери барып, учурда иликтөө иштери уланууда. Венгриянын расмий өкүлдөрү Брюсселде өтүп жаткан Евробиримдиктин саммитинде мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо үчүн ыкчам чара керек экенин билдиришти.

Өкмөттүн өкүлү Золтан Ковач “мигранттардын тобу жасап жаткан кылмыштын жана террордун деңгээлинин өсүшү тууралуу” Венгриянын буга чейинки эскертүүлөрү көз жаздымда калганын X социалдык түйүнүнө жазды.

“Менимче, бизге лагерлер үчүн квоталар же лагерлер эмес, чек араларыбызды коргоп, жарандарыбыздын коопсуздугун коргоо үчүн ыкчам жана бирдиктүү аракеттер керек экенин Брюсселге түшүнүү убактысы келди”, - деди Ковач.

Сентябрда Венгрия-Сербия чек арасындагы Суботица шаарынын жанындагы мигранттардын атышуусунда эки кишинин өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG