Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

АКШ 2024-жылы 80 миңдей окуучуга ысык тамак берүүгө каралашат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ өкмөтүнүн каржылоосунун негизинде Мерсико бейөкмөт уюму Кыргызстандагы 400дөн ашык мектепте 80 миңден көп окуучуну бир маал ысык тамак менен камсыздоого каралашат. Ал МакГоверн-Долдун азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашат. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин 74% окуучуларга бир маал ысык тамак берилерин, 2023-жылдан тартып бардык мектепке жайылтуу пландалып жатканын билдирген. Анда ушул жылдан тартып кенже класттардын окуучуларынын тамактануусуна күнүгө бөлүнгөн жети сом көбөйүп, 20 сомго чыгарыларын маалымдаган.

Расмий маалыматка ылайык, 1-4-класстардын окуучуларынын жалпы саны жалпысынан 56 миңге чамалайт. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнүп келгени айтылган.

Өкмөт бул жылы окуучулардын тамактануусуна канча каражат сарпталарын маалымдай элек.

Соңку жылдары Кыргызстанда негизги азык-түлүктөрдүн баасы бир нече эсе кымбаттады.

Мерсико бейөкмөт уюму Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштейт. Уюм окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу, мектептердин ашканаларына жабдуу жактан жардамдашуудан сырткары Кыргызстандын мектептерин суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена инфраструктурасын жакшыртуу жана окуу китептерин кыргызчага которуу багытында дагы каралашып келет.

XS
SM
MD
LG