Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

АКШда демократ Дин Филлипс шайлоодо Байдендин ордуна чыгуу ниетин билдирди


Дин Филлипс
Дин Филлипс

Миннесота штатынан шайланып келген конгрессмен, 54 жаштагы Дин Филлипс 2024-жылы болуучу президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан талапкерлигин коюу ниетин билдирди.

"Америка авазы" маалымдагандай, ал партиянын атынан Байден менен атаандашууну көздөөдө. Басылма Филлипстин мындай үмүтүнө Байдендин курагы негизги себеп болуп жатканын белгилеген.

Дин Филлипс – Өкүлдөр палатасындагы эң бай, мультимиллионер конгрессмен. Саясий карьерасына чейин ал өгөй атасынын арак жана шнапс чыгарган компаниясын мурастап алып, балмуздак чыгаруучу Talenti gelato фирмасын түзгөн. 2018-жылы шайлоо алдындагы өнөктөштүк учурунда Филлипс балмуздак жүктөлгөн автоунааны айдап жүргөн.

Ал өзүнүн Палатага бешинчи ирет шайланып жаткан республикачы атаандашын утуп чыккан. Ага чейин Филлипс өз аймагындагы шайлоолордо республикачыларды эки ирет жеңип алган.

Шайлоо алдындагы жарнамасында Дин Филлипс "Бизде көйгөйлөр көп. Биз экономиканы калыбына келтирүүнү көздөп жатабыз. Биз Американы калыбына келтирүүнү көздөп жатабыз", - деп айткан.

"Америка авазынын" маалыматында, Филлипс шайлоо алдындагы иш-чараларын Нью-Гэмпшир штатындагы Конкорд шаарында өткөрүп, штаттын кеңсесине праймеризге катышуу үчүн документтерин тапшырды.

АКШда президенттик шайлоо 2024-жылы 5-ноябрда өтөт. Анда талапкер катары катышарын азыркы президент Жо Байден быйыл, 25-апрелде маалымдаган.

78 жашында АКШ президенти болуп шайланган Жо Байден өлкөнүн 46-мамлекет башчысы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG