Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн 11 адам набыт болду


Костенко шахтасы.
Костенко шахтасы.

Казакстандын Караганды облусундагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко көмүр шахтасында өрт чыгып, 11 кенчи набыт болду.

Бул тууралуу облустун акими Ермаганбет Булекпаев 28-октябрда маалымдады. Анын сөзүнө караганда, бүгүн, 28-октябрда жергиликтүү убакыт менен саат 9:00го карай, 18 адам ооруканага жеткирилди.

Караганды облусунун жетекчилиги өрт чыккан учурда шахтада 252 адам болгонун маалымдоодо. Сыртка 205 шахтер чыгарылган. Жер алдында дагы кишилер бар.

Аким Фейсбуктагы баракчасына кырсык болгон жерде 40 куткаруучу жана атайын 10 техника иштеп жатканын, окуяга байланыштуу оперативдүү штаб түзүлгөнүн жазды.

Штабды жетектөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов жөнөп кеткенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"АрселорМиттал Темиртау" ишканасынын жетекчилиги шахтадагы өрт метан газынын жарылганынан улам чыгышы ыктымал экенин билдирүүдө. Аталган компания Карагандыкөмүр бассейниндеги бир катар кендерге ээлик кылат. Андан тышкары Темиртаудагы металлургиялык комбинат жана шаардагы инфратүзүм объекттери да "АрселорМиттал Темиртау" ишканасына таандык. Компанияны британиялык миллиардер, теги индиялык Лакшми Миттал көзөмөлдөйт.

Быйыл августта "Казакстан" компаниясынын шахтасында чыккан өрттөн беш киши каза таап, 16 адам жараат алган.

Расмий маалыматтар боюнча, 15 жыл аралыгында "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын кендеринде 100дөн ашык адам өлгөн. Бийлик буга компаниянын ээсин күнөөлөп, ишкана өндүрүштү жаңылоо жана инвестиция боюнча милдеттерин аткарбай жатканын билдирип, коопсуздук талаптары сакталбаганы үчүн сындаган.

Казак өкмөтү аталган ишкананын өлкөдөгү кен тармагында келечеги жок экенин айткан. Бирок мындай билдирүүлөрдүн соңунда компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы так аракеттер болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG