Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Министрлик өз өмүрүнө кол салган окуучу тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон 9-класстын окуучусу тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, шаардагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин окуучусу 2023-жылдын 27-октябрында кечки саат 21:00-21:30дар чамасында каза болгон.

"27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган", - деп айтылат маалыматта.

28-октябрда министр Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын ата-энеси менен жолугуп, бата кылды. Маркумдун апасы аталган мектепте география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда электрондук тамекиге тыюу салууну көздөшүүдө.

Ушул жылдын март айында ЮНИСЕФтин жаңы изилдөөсүндө Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени белгилүү болгон.

WorldPopulation порталынын соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 10 жаштан 19 жашка чейинки 1 млн. 233 миң өспүрүм бар. Алардын теңинен көбү эркек балдар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG