Баткенде “Аялдардын катышуусу – тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги” аттуу форум уюштурулуп, анда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясынын өлкөдө ишке ашыруунун жыйынтыктары талкууланды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму демилгелеген иш чарага жергиликтүү бийликтен, Ички иштер министрлигинен, аялдар укуктары менен алектенген уюмдар жана өлкө боюнча бардык облустардагы демилгелүү топтордун өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө аялдардын коопсуздукту камсыздоо, тынчтык орнотуудагы орду, чечим кабыл алууга катышуусу талкууланып, алдыңкы тажрыйбалар айтылды.
Форумдун жүрүшүндө жалпы көйгөйлөрдү аныктоо жана алдыдагы максаттарды аныктоо үчүн «Аялдар, тынчтык, коопсуздук» өнөктөштүгүнүн жана биргелешкен иштин жол-жоболор иштелип чыкты. Чек ара аймактарында кризистик абал жаралган учурда аялдардын аракети, коопсуздугун камсыздоо, тынчтыкты калыбына келтирүүдөгү орду тууралуу айтылып, жыйын соңунда тиешелүү кызматтарга сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.
WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты. (JsA)