Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Мексикада катуу бороондо каза болгондор 48 кишиге жетти


Акапулько шаары. 24-октябрь 2023-жыл
Акапулько шаары. 24-октябрь 2023-жыл

Мексиканын Акапулько шаарында "Отис" бороону (ураган) аз дегенде 48 кишинин өмүрүн алды, алты кишинин дайыны белгисиз. Өткөн шаршембиде болгон жаратылыш кырсыгынан 900 миңдей киши электр жарыгысыз калды, 270 миңден ашуун турак жай жана 600 мейманкана зыян тартты, инфраструктура талкаланды.

Акапульконун жашоочулары өкмөттү жетиштүү жардам бербейт деп күнөөлөп жатат. Бороондон кийин шаарда азык-түлүк, бензин, суунун тартыштыгы жаралды, талап-тоноолор башталды. Бийлик бир нече күндөн кийин жабыркаган районго аскерлерди жана азык-түлүк жөнөтүлгөнүн билдирди.

Катуу шамалдын ылдамдыгы саатына 266 километрге жеткени, Тынч окенанынын чыгыш тарабында байкоо жүргүзүлүп жаткандан бери мындай кубаттуу бороон болбогону кабарланды.

Жарым күндө анын кубаты дээрлик эки эсеге артарын синоптиктер алдын ала айта алган эмес. Адистер океандардагы суунун температурасы барган сайын көтөрүлүп, күтүлбөгөн көрүнүштөргө алып келгенин белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG