Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Улуттук банк коммерциялык банктарга шектүү учурларда кардарга эсеп ачпай коюуга уруксат берет


Кыргызстандын Улуттук банкы
Кыргызстандын Улуттук банкы

Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө өзүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Документтин долбоору мекеменин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, коммерциялык банктарга шектүү учурларда кардарга эсеп ачпай коюуга уруксат берүү каралган.

Шектүү операциялардын белгилери катары 16 критерий келтирилген. Анын ичинде кардардын кыска мөөнөт ичинде банктын бир же бөлүмдөрүндө бир нече эсептерди ачуусу, кардардын эсебинде жүгүртүлгөн акчанын орточо айлыктан үч эседен ашык көбөйүп кетиши, кардардын текшерүүгө мүмкүн болбогон маалыматты берүүсү, туура эмес даректерди жана телефондорду бериши, жалган документтерди келтирүүсү жана башка учурлар бар.

Ошол эле маалда чет элдик валюталарды накталай алмаштыруу операцияларында банктар текшерүү милдеттүү болгон сумма көтөрүлдү. Мурда алар 70 миң сомдой акча алып-саткан кишини текшерүүгө алса, мындан ары 100 миң сомдон ашык акча алмаштыргандар текшерилет.

Соңку сунуштамалар Улуттук банктын коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ишмердигин жөнгө салган 17 ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.

Октябрдын башында Улуттук банктын адистери коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, учурдагы экономикалык жана геосаясий кырдаалды эске алуу менен эл аралык санкцияларды бекем сактоо зарылдыгын кайрадан эскерткен.

2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш Москвага санкцияларды күчөткөн. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү айрым компаниялар Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жол ачып жатканы маалым. АКШ жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга бир нече жолу келип, бул аракеттин кесепетин түшүндүрүүгө аракет кылган.

АКШнын Каржы министрлиги июнь айында Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии” компанияларын, андан тышкары “Прогресс лидер”, “Карголайн” деп аталган дагы эки фирманы санкциялык тизмеге киргизген. Ага чейин “Тро, Я” деп аталган дагы бир кыргыз ишканасы "кара тизмеге" илинген. Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялар ташыган айрым жабдуулар орус армиясынын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG